2024 – жылдын 26 – апрель күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү
30.04.2024Талас шаарында КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
07.05.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында жайгашкан “Ак-Булак Плюс” сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда чийки сүт рыногундагы азыркы акыбал тууралу сөз болуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы №1950-VII сандуу “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна карата ишкананын жетекчилиги менен кандай көз карашта экендиги тууралуу ой бөлүшүүлөр болду.
Азыркы учурда чийки сүттүн көлөмү көбөйүп жаткандыгы менен майлуулугу төмөндөп жаткандыгы тууралуу түшүндүрмө берилип, сүттүн сатып алуу баалары да бир аз төмөндөгөнүн билдирди.
Жетекчинин айтымында ата мекендик өндүрүлгөн сүт азыктарынын өздүк наркы даяр продукты баасынан кыйла эле ылдый болуп экспортто кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Сүттү кайра иштетүүчү ишканалар продукцияларын өндүрүш үчүн ийри суммадагы насыяларды алып жатканын да белгилеп кетишти.