Талас шаарында КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
07.05.2024Социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг
07.05.2024Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынын 2024-жылдын 29-30-апрелинде Ысык-Көл районунда жайгашкан пансионат жана башка эс алуучу жайларда, айрыкча эс алуу сезон учурунда көрсөтүлүп жаткан кызматтардын акысы негизсиз көтөрүлбөшүнө жол бербөө, баалардын прейскуранттары керектөөчүлөргө көрүнүктүү жерде жайгашуусу керектиги тууралуу жана баалар улуттук валютада көрсөтүүлөрү боюнча түшүндүү мониторинг иштери жүргүзүлдү. Мониторинг жүрүшүндө 15-субъект пансионат-жайлары камтылды.
Ошону менен бирге, 2020-жылдын 24-январындагы №26 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 “Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын токтомун аткаруу боюнча аянттарына жараша соода түйүндөрүндө ата мекендик өндүрүштөгү товарлар үчүн товардын өндүрүлгөн өлкөсүн көрсөтүү менен “Кыргызстанда жасалган” (“Made in Kyrgyzstan”, “Изготовлено в Кыргызстане”) шелфтокери бар өзүнчө стеллаждар/текчелер бөлүнүшү, шелфтокери бар жеңил жарнамалык конструкциялар орнотулушу о.э. маалыматтык көрсөтмөлөр, көрнөктөр, шелфтокерлер жана баннерлер коюлушу керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.