Таласта эт боюнча мониторинг жүргүзүлдү
11.05.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 28-мартындагы №10 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
11.05.2023Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгын пландык текшерүү убагында мыйзам бузуулар аныкталды. Пландык текшерүү жүргүзүү учурунда, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү мыйзамдын 7-9-беренелери сакталган эмес. Тактап айтканда Монополияга каршы орган менен макулдашылган акы төлөөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тууралуу маалымат элге көрүнүктүү жерге илинген эмес. Жогорудагылардын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” Мыйзамынын 7-9-беренесин сакталбагандыгы үчүн Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына эскертме (предписание) берилди.