Урматтуу Женалы Байсалович! Сиздин, 2023-жылдын 10-майындагы №09-1/47 сандуу тапшырмаңыздын аткарылышы боюнча, Талас облустук бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет. 2023-жылдын 11-майында Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Талас шаарынын Мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси А.Айбеков, Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору М.Алишеров жана “Ала-Тоо 24” телекөрсөтүүсүнүн кабарчыларынын коштоосунда Талас шаарында жайгашкан эт сатуучу түйүндөргө, базарларга, мал союлуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг иши негизинен эттин бааларына, мал союлуучу жайлардын абалдарына талдоо иштерин камтыды. Мониторингдин жыйынтыгы менен Талас шаарында эттин баалары жалпысынан туруктуу, негизсиз бааларды жогорулатуу жок экендиги байкалып, өз кезегинде эт сатуучу ишкерлерге бааларды туруктуу кармоо, негизсиз жогорулатууларга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми эттин баалары төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн:
Эт сатылуучу соода түйүндөр | Мал союлуучу жайлар | Базар | |||
Уй эти | 480-500 сом/кг | Уй эти (ич эти менен) 10 кг дан жогору, 10 кг этке болжол менен 1,5 кг ич эти кошулат | 380-400 сом/кг | Кой эти | 500-530 сом/кг |
Уйдун сулп эти | 580-650 сом/кг | Жылкы эти (ич эти+казы, картасы менен) | 400-450 сом/кг | Чочко эти | 500-520 сом/кг |
Фарш | 520-600 сом/кг | ||||
Ичеги-карын | 50-80 сом/кг | ||||
Боор, жүрөк, тил | 250-350 сом/кг | ||||
Уйдун башы | 1000 сом | ||||
Жылкы эти | 500-520 сом/кг | ||||
Казы | 800 сом/кг | ||||
Карта-карын | 480-520 сом/кг | ||||
Даяр чучук | 850 сом/кг |
Эт сатуучу ишкерлердин берген маалыматтарына ылайык Талас облусунун эт рыногунда ортомчулар жок, ишкерлер мал базарлардан, мал байлаган фермерлерден түз сатып алып, мал союлуучу жайлардын кызматтарын колдонушат жана 1 кг этке 10-20 сом пайда кошуп сатышат, акыркы 15 күн аралыгында мал базарларда малдын баасы кескин кымбаттаганын билдиришип, мындай жагдай мезгилдик көрүнүшкө ээ экендигине токтолушту, себеби, учурда малдар массалык түрдө жайлоолорго көчүрүлүүдө. Мониторинг жыйынтыгы менен Талас облусунун аймагында эттин баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө негиз жок экендигин билдирем.