15.03.2023

К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция өткөрүлдү

2023-жылдын 15-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө темага жараша жана монополияга каршы мыйзамдары жөнүндө слайд көрсөтүлүп, катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамын негизги багыттары менен, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер менен, товарлардын сапаты жөнүндө суроолор менен таанышышты. Керектөөчүлөрдүн укугун […]
14.03.2023

Караколдо “Керектөөчү, укуктарыңды бил!” деген темада окутуу семинары өткөрүлдү.

2023-жылдын 14-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата Каракол шаарындагы И. Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинде “Керектөөчү, укуктары бил!” темасына лекция өткөрүлдү.Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын негизги багыттары, керектөөчүлөрдун жана сатуучулардын ортосундагы мамилелер, товарлардын сапаты жөнүндө маалыматтарды алышты. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча актуалдуу көйгөйлөр көтөрүлүп, суроо-жооптор […]
19.12.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп айылында жарнама баннеринде мамлекеттик тилдин жоктугу үчүн айып пул салды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Түп районунун, Түп айылында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-ст. 3 пунктуна дал келбегендиги тууралу акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403 ст. ылайык 170 эсептик көрсөткүч эсебинде айып пул салынды.
Skip to content