Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 16-февраль күнү Аксы районунун Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарларга, ошону менен бирге күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр аныкталды: Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кербен шаарынын соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды […]