2020-жылдын 13-ноябрында Мамлекеттик агенттиктин директору Ш.М. Сабировтун, Ош шаарындагы иш сапарынын жүрүшүндө Мамагенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан, көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү максатында отун базаларына чыгуулар уюштурулду. Көмүрдү чекене сатуу түйүндөрүндө жолугушуулар уюштурулуп, көмүр сатуучулар жана көмүрдү жеткирүүчүлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө баалардын негизсиз өсүшүн болтурбоо жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. […]