28.03.2024

Ысык-Көл облустук бөлүмүндө ичүүчү суу жана саркынды сууларды жок кылуу кызматтарынын тарифтери каралып жатат

Ысык-Көл облустук бөлүмү  Балыкчы муниципалдык “Суу түтүк” ишканасы тарабынан  ичүүчү суу жана саркынды сууларды жок кылуу кызматтарынын тарифтери каралып жатат. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому  менен бекитилген “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобосунун 12-1п. ылайык  2024-жылдын 27-мартында Балыкчы шаарынын мэриясынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, […]
28.03.2024

Балыкчы шаарында социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү

2024-жылдын 28-март күнү Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмдүн башчысы К. Уметов Балыкчы шаарындагы соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында мониторинг жүргүздү.Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.Бүгүнкү күндө баалар туруктуу жана таңкыстык жок.
26.03.2024

Кадастр мамлекеттик ишканасынын Каракол филиалынын , Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборунун , “Унаа” мамлекеттик мекемесинин, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөөлүк медицина борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнө талдоо (мониторинг) жүргүзүлдү

     Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын  корго күнүнө арналган бир айлыктын алкагында,  Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 25-мартында “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Каракол филиалына, Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборуна, “Унаа” мамлекеттик мекемесине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөөлүк медицина борборуна кызмат көрсөтүүлөрүнө талдоо (мониторинг) жүргүзүлдү. Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:   Керектөөчүлөрдү Каракол шаарындагы  калкты тейлөө борбору жана “Унаа”мамлекеттик мекемеси электрондук кезек […]
Skip to content