Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын корго күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 25-мартында “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Каракол филиалына, Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборуна, “Унаа” мамлекеттик мекемесине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөөлүк медицина борборуна кызмат көрсөтүүлөрүнө талдоо (мониторинг) жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарда жүргүзүлдү:
Керектөөчүлөрдү Каракол шаарындагы калкты тейлөө борбору жана
“Унаа”мамлекеттик мекемеси электрондук кезек менен тейлөөдө.
Мекеменин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.