Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жыйындар залында Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү
25.03.2024Кадастр мамлекеттик ишканасынын Каракол филиалынын , Каракол шаарындагы калкты тейлөө борборунун , “Унаа” мамлекеттик мекемесинин, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын облустук үй-бүлөөлүк медицина борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнө талдоо (мониторинг) жүргүзүлдү
26.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү тарабынан иштелип чыккан 1 (бир) айлык иш пландын негизинде 2024-жылдын 25-март күнү бөлүмдүн адистери, 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүгө карата Баткен шаарынын биринчи вице-мэри А.К.Орозов, Баткен шаар мэриясына караштуу муниципалдык Департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда, муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлордүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жөнүндө жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында иш жүзүндө аткарылып жаткан иштер жөнүндө түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү. Ал эми керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды кароодо кызматташуу жагы каралып пикир алмашуулар орун алды. Андан сырткары социалдык жактан маанилүү товарлардын кескин өзгөрүп жөгөрулап кеткенде, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн кайсы учурда мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү боюнча тийиштүү маалыматтар берилди. Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жана кызматтын ишмердүүлүгү, милдеттери, функциялары боюнча дагы толук маалыматтар берилди.