16.05.2024
Кызматтын дарегине сапатсыз кызмат алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселеси боюнча Д. К. аттуу жарандан жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түшкөн. Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “П..” салонунда чач өстүрүү курстарына жазылган. Чачты өстүрүү боюнча окутуучу мастер жаранды жумасына 3 жолудан, бир ай бою теориялык жана практикалык сабактарды жана курстарды аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү сертификатты берүүгө милдеттеме алган. Ошол эле учурда, бир айдын ичинде окутуучу […]