Кызматтын дарегине Ж.А. аттуу жарандан сатып алынган товар үчүн төлөнгөн акча каражатын кайтарып берүү маселеси боюнча жазма кайрылуусу келип түшкөн.Билдирүүгө ылайык, керектөөчү “В..Т..” дүкөнүнөн велосипед сатып алган, бирок үйгө келгенде велосипеддин кээ бир тетиктеринде завод жетишпестиктери (ылдамдыкты башкаруу механизмдери жана тормоз рычагдары же моноблоктор) бар экенин байкаган.Ошого байланыштуу, керектөөчү эртеси күнү “В..Т..” дүкөнүнө сатып алынган велосипеддин акча каражатын кайтарып же […]