21.06.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) “L.” аттуу үйлөнүү салонуна чара көрүп берүү өтүнүчү менен «А.К.С.» (мындан ары – керектөөчү) аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн. Арызга ылайык, керектөөчү көйнөктү арендага алуу үчүн “L.” аттуу үйлөнүү салонуна 78 900 сом төлөгөн . Төлөмдү төлөгөндөн кийин керектөөчү “L.” аттуу үйлөнүү салону менен […]