Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлдү
07.06.2023Ош шаары боюнча башкармалыгы КР “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамын бузгандыгы үчүн эскертме кагазы берилди
08.06.2023Ичүүчү суунун тартыштыгы талкууланды Ушул жылдын май айынан тартып Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования борбор калаанын тургундарынан ичүүчү суу берүүдөгү үзгүлтүктөр боюнча кайрылуулары түшө баштаган. Кырдаалды изилдөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында 2023-жылдын 7-июнь күнү Кызматтын орун басары А. Мамыралиев «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйынын өткөрдү. Отурумда кызмат “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы үзгүлтүктөргө таасирин тийгизген себептер боюнча маселелер талкууланды. «Бишкексууканал» ӨЭБнын негизги көйгөйлөрүнүн бири – суу алуучу жердеги суунун деңгээли төмөндөп кеткендиги экенин билдирди. Буга себеп: – Керектөөчү менен “Бишкексууканал” ӨЭБнын ортосундагы келишимде каралган милдеттерди так аткарбоо. – Ичүүчү сууну унаа жуучу жайларда ченемсиз пайдалануу; – Жер тамдардагы огороддорду сугаруу, бассейндерди сууга толтуруу жана фонтандарды колдонуу; – Сууну кайра иштетип берүү жана ичүүчү сууну эсепке алуу жабдууларынын жоктугу; «Бишкексууканал» ӨЭБ өкүлдөрүнүн айтымында, бул факторлор калкты ичүүчү суу менен камсыз кылууда чектөөлөргө алып келүүгө аргасыз кылган. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Бишкексууканал» ӨЭБ тарабынан келтирилген жүйөөлөрүн угуп, өз позициясында «Бишкексууканал» ӨЭБсы керектөөчүлөр менен түзүлгөн келишимде каралган табигый монополиянын субъекти катары өзүнүн милдеттерин толук аткарбай жаткандыгын белгиледи. Ошону менен бирге, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүн коргоо максатында, Кызмат ичүүчү суу менен камсыздалбаган учурда керектөөчүлөр менен кайра эсептөө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Отурумдун жыйынтыгында “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бузууларды четтетүү жана алдын алуу максатында ” Бишкексууканал”ӨЭБна Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын бузуусун токтотуу боюнча жазма эскертүү берилет.