Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 17-мартындагы “Кызматтын административдик даттанууларды карап чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө” №45 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
06.06.2023«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйынын өткөрдү
08.06.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча 2023-жылдын 6-июнь күнү Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборуна (ЦОН) бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө, керектөөчүлөр үчүн толук шарттар түзүлгөндүгү, тактап айтканда электрондук кезмек жана накталай эмес төлөмдөр үчүн пост-терминалдар орнотулгандыгы белгилүү болду. Жалал-Абад шаарынын Калкты тейлөө борборунун жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу-улук оператор А.У.Акматованын айтымына караганда, Жалал-Абад шаардык Калкты тейлөө борборуна шаар тургундары гана эмес, Жалал-Абад облусунун аймагындагы башка район, шаарлардын тургундары дагы көп кайрылып жаткандыгынан улам, кардарлардын саны көп болуп жана ага карабастан Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери келген ар бир жаранга (керектөөчүлөргө) электрондук кезмек менен ыкчам кабыл алып жатышкандыгын билдирди. Жалал-Абад шаарынын Калкты тейлөө борборунун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекеме, уюмдарга Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде бөлүм тарабынан мындан арыда түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.