29.12.2023
12.12.2023
«Абдыш-Ата» ЖЧКсына энергетикалык суусундуктардын жарнамасын тараткандыгы үчүн айып пул салынды. Кызматка Бишкек шаарындагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринде «Nitro» энергетикалык суусундуктарынын тышкы жарнамасы таратылып жаткандыгы жөнүндө арыз түшкөн. Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгү бузулган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, энергетикалык суусундуктардын жарнамасы тышкы жарнамада таратылбашы керек. Кароонун жыйынтыгы менен, Кызмат тарабынан жарнамалоого тыюу салынган товарлардын […]
16.10.2023
Кызматка “ТикТок” социалдык тармагында “Нурзаман” курулуш компаниясынын, кыз ала качуу жөнүндө этикага жат белгилери менен жарнамасы жарыяланганы жөнүндө арыз түшкөн. Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнүн жана 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн нормалары бузулган. Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, жарнама жарандарды зомбулукка, агрессияга түртүүгө жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана […]
04.10.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жайылтыла тургандыгын маалымдайт. Шаарлардын, айыл аймактардын аймактарында жана башка аймактарда плакаттар, такталар, жанып туруучу таблолор жана башка техникалык каражаттар түрүндөгү тышкы жарнама алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жол-жоболоштурулат. Жарнаманын […]
29.09.2023
№ Аталышы Мезгил Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту 4 квартал аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталы 4 квартал аралыгында Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети 4 квартал аралыгында Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу токой кызматы 4 квартал аралыгында Кыргыз-Өзбек университети 4 квартал аралыгында […]