Кызматка “ТикТок” социалдык тармагында “Нурзаман” курулуш компаниясынын, кыз ала качуу жөнүндө этикага жат белгилери менен жарнамасы жарыяланганы жөнүндө арыз түшкөн.
Жогорудагы жарнамада Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнүн жана 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн нормалары бузулган.
Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, жарнама жарандарды зомбулукка, агрессияга түртүүгө жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана дүрбөлөң салууга чакыруучу коркунучтуу аракеттерге шыкак берүүгө тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 8-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, адеп-ахлактын, гумандуулуктун, этиканын жана адептүүлүктүн жалпы кабыл алынган ченемдерин бузуучу, адамдын укугуна жана эркиндигине шек келтирүүчү жүрүм-турумду көрсөтүүгө багытталган, расага, улутка, этностук таандыктыгына, кесибине, социалдык категориясына майыптуулугуна, жаш курагына, жынысына, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана башка абалына, дин тутуусуна, философиялык, саясий көз карашына карата мазактоочу сөздөрдү, салыштылууларды, образдарды пайдалануу менен гендердик стереотиптерди туюнткан гендердик басмырлоо элементтерин камтуучу жана ошондой эле шек келтирген тексттик, көрмө же үндүү маалыматты камтыган жарнама этикага туура келбеген жарнама болуп саналат. Этикага жат жарнамага жол берилбейт.
Кароонун жыйынтыгы менен маалыматтык-коммуникациялык технологияларда (интернетте) талаптагыдай эмес жарнамалык маалыматты тараткандыгы үчүн “Нурзаман” курулуш компаниясына карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык айып пул салуу боюнча токтом чыгарылган.