Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Инноа” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес.
Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн
“Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.