Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Дейвен Компани” ЖЧКсына “Lets go менен миллионер бол” кызыктыруучу лотереясын өткөрүүдө анык эмес жарнаманы тараткандыгы үчүн 93 000 сом айып пул салды.
Лотереяны уюштуруучу муздак суусундуктун этикеткасында лотереянын аяктоо күнүн 2022-жылдын 1 ноябры деп көрсөткөн. Бирок лотерея 2023-жылдын 1-ноябрына чейин өткөрүлгөн. Ушундан улам муздак суусундуктун жарнамасында товарды сатып алуу шарттары жөнүндө чындыкка туура келбеген маалымат болгон.