19.12.2023
Кыргыз Республикасынын товар рынокторундагы үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-майындагы №304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнүндө жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө […]
14.12.2023
Жаңы форматтагы кызматташуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстандагы нефтетрейдерлер менен иштешүүнүн жаңы механизмин сунуштады.     Кызмат менен нефтетрейдерлер 2023-жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензин жана дизель майы сыяктуу социалдык маанилүү товарлар рыногунда жүргүзүлгөн иштердин олуттуу натыйжасы болушу үчүн биргелешип Кызматташуу келишимин түзүштү.   Кыргызстандын нефтетрейдерлери республикадагы калктын таламдарын эске алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын адилеттүү кармап, туруктуу камсыз кылат. Ошондой эле КММ баасын негизсиз өсүшүнө […]
24.11.2023
Мамлекеттик Катчы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жамааты менен жолугушту.
Бүгүн, 2023-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты менен жолугушту.Жолугушууда Мамкатчы коомдун маданий жана руханий жактан өнүгүшүнө, аялдарга, үй-бүлөлөргө, жаштарга колдоо көрсөтүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана балдарды адеп-ахлактык жактан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө кенен токтолду.Ал мамлекеттик органдардын, жарандардын жана коомдук институттардын маданий жана руханий өнүгүү, билим берүү жана илим маселелери боюнча натыйжалуу өз ара […]
22.11.2023
Бүгүн, 2023-жылдын 22-ноябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Г.К.Асылбаева Кант шаарындагы «Белая Река» маркасы менен таанымал, сүттү кайра иштетүүчү «Кант Сүт» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.Заводдун директору Ж.А.Джон чийки сүттү кабыл алуудан баштап даяр продукцияга чейинки өндуруштүк процесс менен тааныштырды.
17.11.2023
Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.
Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясы тарабынан “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын” ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери үчүн 40 саатка созулган “Иштиктүү кыргыз тили”. Кыргызтестке даярдык көрүү” курсу өткөрүлдү. Окутуунун жыйынтыгы боюнча кызматкерлерге сертификаттар берилди.