Мойдинов Ниязбек Тойгонбаевич
Нарын облустук бөлүмүнүн башчысы

Нарын шаары Ленин көч. 76 тел:0 3522 5 09 53

17.10.2023
Нарын облусунда нан бааларына мониторнинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 3-октябрындагы №129 «Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругун аткаруу максатында Нарын облусунун аймагында 1 сорттогу буудай унунан жасалган нанына (бөлкө нан) жана нан азыктарына (тандыр нан) максималдуу дүң жана чекене баалары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу […]
05.10.2023
Нарында жарнама мыйзамын бузгандыгы үчүн айып пул салынды
Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарыншаарында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда “Демократия-элдин максаты” коомдук бирикмеси тарабынан жайгаштырылган жарнаматаратылып Кыргыз Республикасынын “Жарнак” жөнүндө Мыйзамынын 2-бөлүмүнүн 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыгы аныкталып,жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” жөүндөгүкодексинин 403-беренесине ылайык 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөайып пул салынды.
03.10.2023
Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
Нарын облустук бөлүмүнө жеке жарандан “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалында керектөөчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу так жана жеткиликтүү маалымат жок экендиги тууралуу арыз жаран М.Ф.ден келип түшкөн.     «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 9-беренелерине ылайык, маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти […]
11.07.2023
Ак-Талаа районунда мониторинг жүргүзүлдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Ак-Талаа районунун базарларында жана соода түйүндөрүндө социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө ишкерлерге Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча ишкерлерге түшүндүрүлдү.Учурда базардагы ишкерлердин билдирүүлөрүнө ылайык, товарларды […]
06.07.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Кочкор районунун базарларында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, учурдагы эттин бааларына көнул бурүлду. Эт сатуучу ишкерлердин билдиргенине ылайык эттин баасы бүгүнкү күндө стабилдүү. Төмөндө эттин баасынын абалы боюнча маалымат берилет.   Аталышы   Баасы, сом/кг. Эскертуу мин макс сред   Кой эти 520,0 560,0 540,0   Уй эти 500,0 520,0 510,0   Чочконун эти  520,0 560,0 540,0 Жылкынын этин сатып алганда 1кг чучук кошуп берилет Жогорудагынын […]