23.05.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү Ош Эл аралык медициналык университетине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403- беренесине ылайык айып салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5- беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде таркатылат жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча, […]
16.05.2023
2023-жылдын 15-май күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Эмил Мажитов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана ветеринардык кызматтын адистери менен биргеликте, борбордук базардын айланасындагы эт сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Эт сатуучуларга уй, кой жана жылкы этинин бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүлдү. Ошондой эле эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы да текшерилип, талаптагыдай абалга […]
11.05.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгын пландык текшерүү убагында мыйзам бузуулар аныкталды. Пландык текшерүү жүргүзүү учурунда, Ош аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү мыйзамдын 7-9-беренелери сакталган эмес. Тактап айтканда Монополияга каршы орган менен макулдашылган акы төлөөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери тууралуу маалымат элге көрүнүктүү […]
25.04.2023
Ош шаарындагы социалдык дүкөндөрдү иштетүүгө ишкерлерди тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү
2023-жылдын 19-апрель күнү Ош шаарынын мэриясынын кичи залында Ош шаарындагы социалдык дүкөндөрдү иштетүүгө ишкерлерди тандоо боюнча комиссиянын отуруму болуп өттү. Бул отурумга комиссиянын мүчөсү – Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы Э.Мажитов катышты. Социалдык дүкөндөрдү (бөлүмдөрдү) түзүүнүн негизги максаты аз камсыз болгон жарандарга тамак-аш азыктарын, анын ичинде 10 %дан ашпаган товардык үстөгү менен сунушталган ассортименттик тизмеге киргизилген социалдык маанилүү тамак-аш […]
19.04.2023
Монополияга каршы органдын ишмердүүлүгүнүн бири болуп жарнак мыйзамдуулугуна контролдук кылуу саналат. Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2022-жылдын 22-мартында Ош шаарында таратылып жаткан жарнактардын мыйзамдуулугуна мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү учурунда «Скай Флай» ЖЧКсынын (Ош ш., Ленина көч., 246 А), лицензиясынын номери жок жана лицензия берген органдын аталышы жазылбаган жарнагы табылган. Бул Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктуна каршы […]