Токтогулов Бексултан Рыскулович
Талас облустук бөлүмүнүн башчысы

Талас шаары Бердике Баатыр көч. 287 тел:0 3422 5 21 25

28.02.2024
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас мамлекеттик университетин Технология жана экономика факультетинин имаратында, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү
2024-жылдын 27-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарындагы Талас мамлекеттик университетин Технология жана экономика факультетинин имаратында, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты  – университеттин мугалимдерине жана студенттерине Монополияга каршы жөнгө салуу органдын ишмердүлүгү боюнча кенен маалымат берүү. Ачылышында алгач сөздү Кыргыз Республикасынын Экономика […]
26.02.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кароосунда Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу, саркынды суу жана суу түтүктөрүнө, саркынды суу тармактарына кошулууга техникалык шарттарга кызмат көрсөтүү тарифтерин макулдашуусу каралып жатат
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кароосунда Талас шаарынын “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды суу тарифтери каралып жатат. Ошого байланыштуу Талас облустук бөлүмү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын өкүлдөрүн, керектөөчүлөрдү жана алардын коомдук бирикмелери, жалпыга маалымдоо каражаттарын, көз карандысыз эксперттерди жана табигый монополиянын субъектерин баалардын (тарифтердин) долбоорлорун ачык […]
01.02.2024
Талас шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жана “УТРК” телерадиокомпаниясынын журналистери менен биргеликте, Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.Эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары:
27.01.2024
Талас шаарында
КР “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган. Алар: Жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой […]
22.01.2024
Таласта эттин баасы туруктуу
2023-жылдын 22-январь күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан, Талас шаарындагы эт сатылуучу жайларда уй, жылкы жана кой этинин баасына мониторинг жүргүзүлдү. Айрым массалык маалымат каражаттарда “Таласта эттин баасы кымбаттады” деген билдирүүлөр тараган. Мониторингдин жыйынтыгы менен аталган социалдык жактан маанилүү товардын баасы туруктуу экендиги аныкталды. Сатуучулардын айтымында, уй, жылкы жана […]