Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы жок
26.01.202427.01.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Талас шаарындагы жарнама жайылтуучу ишкердик субъекттер арасында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү жайларда мыйзам талаптары сакталбай жаткандыгы аныкталган. Алар:
- Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “@TOYBOORSOK_TALAS” соода сатык дүкөнү;
- Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан “ХЛОПОК” балдардын кийимдери
дүкөнү; - Нуржанов көчөсүндө жайгашкан “MAJOR” коомдук тамактануу жай (Суши-Пицца-Рамен).
Жогоруда белгиленген жайларда Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын 5-беренсинин 3-пунктунун негизинде эскертүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, аныкталган мыйзам бузуучулукту тез арада четтетүү боюнча жазма көрсөтмөлөр берилди.