Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын башчыларынын жолугшуусунун жыйынтыктары жөнүндө 2015-жылдын 25-26-июнунда Брест шаарында (Беларусь Республикасы) Евразиялык экономикалык комиссиянын Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министрдин) Н.Ш. Алдабергеновдун төрагалыгы алдында «5+1» форматында Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Жыйынга жетекчинин орун басарынын рангында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү катышты. Иштин жүрүшүндө ЕАЭС жөнүндө келишимдин ченемдерине Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын ылайыктуулугуна салыштырма-укуктук талдоо, ошондой эле улуттук монополияга каршы мыйзамдарга ЕАЭС келишимдик- укуктук базасынын ченемдерин шайкештөө жана имплементациялоо боюнча өткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө отчет берилди. Белгилей кетчү жагдай, Кыргыз Республикасы өзүнө алган милдеттерди толугу менен аткарган: “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22- апрелиндеги № 233 токтому менен жактырылган “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республкасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө”, “Ички соода жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документтердин экинчи пакети азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен үчүнчү окуудан өттү. ЕАЭС аймагында эл аралык уюлдук байланыш кызматтарына (роуминг) атаандаштыкты өнүктүрүү жана тарифтерди төмндөтүү тууралуу маселе каралган. Максаты – акыйкат роуминг принциптерин, тактап айтканда байланыш кызматтарына улуттук бааны жогорулатпаган деңгээлдеги ченемдерди белгилөө киргизилген. Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында жүргүнчүлөрдү авиаташуу транс чек аралык рыногунда келечектеги текшерүүлөр жөнүндө маселе талкууланган.