2017-жылдын 22-24- июнунда Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Мамлекеттик агенттик КМШ мамлекет-катышуучулардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жана МКСМАК алдындагы Жарнак боюнча координациялык кеңештин (мындан ары- Кеңештер отуруму) II– биргелешкен отуруму өттү. Бул отурумда Евразия экономикалык комиссиясынын Россия Федерациясынын, Казахстан Республикасынын, Белорусиянын, Молдованын, Украинанын, Азербайжандын, Армениянын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары катышты. Бул иш-чаранын алкагында 22- июнда Кеңештердин өзүнчө отуруму өттү, 23- июнда КМШ мамлекет-катышуучулардын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин жана МКСМАК алдындагы Жарнак боюнча координациялык кеңештин биргелешкен отуруму өттү. Отурумдун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы жана жарнак чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер козголду, өз ара кызыкчылыктарды көрсөтө турган эки кеңештин отурумунда козголгон суроолорду карап чыгууда аларды талкуулоо деңгээли жогорулады жана кабыл алынган чечимдердин иштеп чыгуу сапатын жогорулатууга мүмкүндүк түздү. Кеңештердин отуруму жогорку деңгээлде өттү. Анын жүрүшүндө КР телеканалдарында жана маалымат сайттарына чагылдырылып турду. Ошону менен катар, Мамлекеттик агенттик КМШ Аткаруу комитетинин Кеңештеринин отурумунун протоколдорун жол-жоболоштургандан кийин Мамлекеттик агенттик өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу толук маалыматты берген.