2019-жылдын 8-августунда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаков жана Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин министринин орун басары Картун Андрей Михайловичтин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу учурунда аталган мекеменин өкүлдөрү Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мекемелердин ортосундагы атаандаштыкты өнүктүрүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин, табигый монополияларды тескөө жаатында, атаандаштык эрежелерин бузууларды териштирүү жол-жобосу тармагында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Ошону менен катар, иш чарада, Гродно шаарында (Беларусь Республикасы) 2016 – жылдын 10-ноябрында Беларусь Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мекемелердин ортосунда кол коюлган Меморандумдун жүзөгө ашыруу маселелерин талкуулашты