Евразиялык комиссия Биримдиктин монополияга каршы укугун өркүндөтүүнү улантууда.
22.05.2018Мамагенттиктин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму ЕЭК атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Марат Кусаиновдун катышуусу менен өттү.
14.09.2018Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму болуп өттү. ЕЭКнын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат жана атаандаштык саясаты департаментинин директору Алия Джумабаева атаандаштык чөйрөсүндөгү ЕАЭС мыйзам ченемдерине отурумдун катышуучуларынын көңүлүн бурган, анда үстөмдүк абалды кыянаттык менен колдонууга, ак ниет эмес атаандаштыкка, атаандаштыкка каршы макулдашууга тыюу салуу, атаандаштыкты чектеген экономикалык ишмердикти координациялоо жөнүндө белгилеген. Отурумдун жүрүшүндө чарбакер субьекттерге тартип бузууларды өз алдынча жоюуга жана айып төлөбөстөн атаандаштыкты калыбына келтирүүгө мүмкүндүк түзгөн эскертүү жана алдын алуу инструменттерин киргизүү боюнча тиешелүү ЕАЭС ченемдик-укуктук базасын өзгөртүү дагы каралган. «Бул иштин акценти – бул жеке консультациялар. Эгерде конкреттүү ишкердин укуктары жалпы рынокто анын өнөктөштөрүнүн атаандаштыкка каршы иш-аракеттери менен бузулган болсо, ЕЭК ага өз компетенциясынын алкагында жардам берет», – деп белгиледи Департаменттин директору.