Мамагенттиктин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму болуп өттү.
13.09.20182019-жылдын 16-19-сентябрь күндөрү Москва шаарында (РФ) Атаандаштык боюнча 6-конференциянын алкагында Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн түзүлгөн топтун (БРИКС) камкордугу менен картелдер боюнча II Евразиялык форум өтүп жатат.
18.09.2018Мамагенттиктин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму ЕЭК атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Марат Кусаиновдун катышуусу менен өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму ЕЭК атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Марат Кусаиновдун, Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштери боюнча Атайын өкүлү Алмаз Сазбаковдун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү. ЕЭК эксперттери ишкерлерге Комиссияга кайрылуу тартиби жана формасы тууралуу толук айтып беришти. ЕЭК Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директору Алексей Сушкевичтин сөзүнө караганда “трансчек аралык рынокто чарбакер субъекттер өз укуктарын коргоо үчүн арызын Комиссияга кайрылууга бере турган ЕАЭС тууралуу Келишимдин талаптарын так аткарууга тийиш. Арызчы бере турган баштапкы маалыматтын юридикалык жактан тууралыгынан жана толуктугунан тартип бузууну изилдөө ийгилиги, аны өткөрүү мөөнөтү жана негизгиси атаандаштык эрежелерин бузуу тууралуу иш боюнча акыркы чечимдин негиздүүлүгү жана акыйкаттуулугу көз карандуу болот». Отурумда ЕАЭС транс чек аралык рынокторунда монополияга каршы таасир этүү инструменттеринин жардамы менен анын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү жана тартип бузуулардын натыйжасы, өз укуктары тууралуу бизнестин маалымдуулугун жогорулатуу үчүн ЕЭК атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу Блогу даярдаган “Евразия экономикалык союздун транс чек аралык рыногунда атаандаштык” материалдардын комплектиси (“Ак китеби”) презентация болгон. Топтолмодо берилген маалымат окурманга жеткиликтүү формада – ЕАЭС транс чек аралык рыногунда атаандаштык укуктарынын базалык механизмдерине түшүндүрмө жана бизнес-коомдоштук өкүлдөрү үчүн ирээттүү сунуштар берилген.