Мамагенттиктин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму ЕЭК атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (Министр) Марат Кусаиновдун катышуусу менен өттү.
14.09.2018Медициналык буюмдар рыногундагы атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча коомдук демилгелери декларациясы
12.03.20192019-жылдын 16-19-сентябрь күндөрү Москва шаарында (РФ) Атаандаштык боюнча 6-конференциянын алкагында Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн түзүлгөн топтун (БРИКС) камкордугу менен картелдер боюнча II Евразиялык форум (мындан ары- Форум) өтүп жатат. Аталган форумда Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 50-отуруму жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип териштирүү боюнча штабынын 36-отуруму болуп өттү. Форумда Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдө, КМШ жана Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн түзүлгөн топко (БРИКС) мүчө-мамлекеттерде санариптик картелдерди териштирүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Заманбап этапта картелдер менен күрөшүүнүн негизги тренддери, көйгөйлөрү жана келечеги, ошондой эле картелдер үчүн кылмыш-жаза куугунтугу, эл аралык кызматташтык жана трансчегаралык териштирүүлөрдү жүргүзүү жана картелдер менен санариптик заманда күрөшүү маселелери талкууланды. Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отурумуна Мамагенттиктин директору – Сабиров Шухрат Маматалиевич жана Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмдүн башкы адиси – Кенжешев Таалайбек Каныбекович катышты. Директор Кыргыз Республикасынын тажрыйбасында монополияга каршы мыйзамдын экстерриториалдык колдонулушу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин иши жана атаандаштык саясатты өркүндөтүүнүн келечеги тууралуу доклад жасады.