2019-жылдын 16-19-сентябрь күндөрү Москва шаарында (РФ) Атаандаштык боюнча 6-конференциянын алкагында Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка өлкөлөрүнөн түзүлгөн топтун (БРИКС) камкордугу менен картелдер боюнча II Евразиялык форум өтүп жатат.
18.09.2018Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти «Санариптик экономика чөйпөсүндө мамилелерди тандоо, рыноктогу катысчуучулардын журум-турунунда чектөө практикасын аныктоо» темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу, келишим түзүү укугуна ачык конкурс өткөрүүдө.
10.06.2019Евразиялык экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамагенттик) менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕЭБ) ичинде медициналык буюмдар рыногундагы атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча коомдук демилгелерин көтөрдү. Адилет бизнестин өнүгүүсүн колдоо жана өнүктүрүү –ЕЭБтин негизги милдеттеринин бири, ошондой эле чек ара базарлар контекстинде атаандаштыкты коргоо боюнча бизнес-коомчулугу менен кызматташтыкты бекемдөө – ЕЭБтин улуттар аралык атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизги милдети. Ошондуктан, атаандаштыкты калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, атаандаштык эрежелеринин бузулушунун алдын алуу жана бөгөт коюуу үчүн ЕЭБтин коомдук демилгелер механизми маанилүү. ЕЭБ Мамагенттик менен биргеликте ишкердик жана юридикалык коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин, коомдук жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнө ЕЭБтин жалпы конкурстун болуучу белгилери жөнүндө маалыматтарды чогултуу учун жардам берүү өтүнүчү менен кайрылат. Эгер сиз медициналык буюмдардын рыногунда иш жүргүзсөнүз, же аталган товарладын керектөөчүсү болсонуз, жана аталган рынокто жалпы атаандаштык эрежелеринин бузуу белгилери бар деп эсептесениз, Мамагенттиктин же ЕЭБтин сайтындагы төмөндөгү анкетаны толтурунуз. Аталган коомдук демилгелердин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн, мисалы, атаандаштык эрежелерин бузгандыгы үчүн чарба жүргүзүүчү субъект жөнүндө, жана ошол рынокто катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттер жөнүндө толук маалымат менен камсыз кылуу керек(болжол, ушак түрүндө бүдөмүк маалымат жетиштүү эмес). Аталган маалымат кабыл алынгандан кийин, ЕЭБтин жана Мамагенттиктин тийиштүүадистери жана эксперттери сизден толук маалыман алуу максатында байланышышы мүмкүн. Коомчулук үчүн берүүгө болбой турган маалымат, жашыруун маалыматтарды коргоо тартиби жөнүндө макулдашуу, жашыруун маалыматты коргоо жана башка тиешелүү нормативдик актылардын негизинде жүргүзүлөт.