Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти «Санариптик экономика чөйпөсүндө мамилелерди тандоо, рыноктогу катысчуучулардын журум-турунунда чектөө практикасын аныктоо» темасы боюнча илимий-изилдөө иштерин аткаруу, келишим түзүү укугуна ачык конкурс өткөрүүдө.
10.06.2019Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын табигый монополиялар боюнча консультативдик комитетинин отуруму болуп өттү
27.09.20192019 – жылдын 25-27 – сентябрында Кыргызстандын борбору Бишкекте IV Эл аралык “Евразия жумалыгы – 2019” форуму өтөт. Бул тууралуу чечим иш-чаранын Уюштуруу комитетинин биринчи отурумунда кабыл алынган. Иш чара Кыргызстандын эң негизги экономикалык жана саясий окуялары өтүүчү, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт. Уюштуруучулардын айтуусунда быйыл Форум “ЕАЭБ: Консолидация. Өнүгүү. Күч-аракет” деген ураан менен өтмөкчү. Форумдун программасына ылайык үч блок боюнча 20дан ашуун аянтчаны уюштурууну болжолдонулууда. Бул, ЕАЭБти өнүктүрүүнүн негизги жана келечектүү багыттарын камтыган стратегиялык трек. Өнөктөштүк – бул жерде катышуучулар Кыргызстан жана ЕАЭБ үчүн өзгөчө актуалдуу болгон негизги тармактар боюнча бизнес үчүн практикалык маселелерди талкуулашат. Жаштар трек алкагында ЕАЭБ жаш лидеринин мектеби, ЕАЭБ ЖОЖдорунун сессиясы-презентациясы, ошондой эле бизнес-оюндар жана ишке орноштуруу маселелери боюнча сессия өтөт. Евразия жумалыгында өзгөчө орунду айыл чарбасы жана тамак-аш өнөр жайына арналган көргөзмө ээлейт. Форумга катышуу акысыз, бирок, иш-чаранын расмий сайтында алдын ала катталуу зарыл:
www.eurasianweek.org