ЕАЭБ мейкиндигиндеги эң ири “Евразия жумалыгы – 2019” форуму Кыргызстанда өтөт
19.08.2019Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М. Сабиров Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын мүчөсү (Министр) С.М. Жумангарин менен 25-27 сентябрда Бишкек шаарында болуп өткөн “5+1” форматта кеңешменин жыйынтыктары боюнча “Sputnik Кыргызстан” медия агенттигине интервью беришти.
27.09.20192019-жылдын 24-сентябрында Евразиялык жумалыкка арналган иш-чаралардын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиянын мүчөсү (Министр) Э.А.Кайкиевдин төрагалыгынын алдында Бишкекте табигый монополиялар боюнча Консультативдик кеңешинин 16-отуруму болуп өттү. Отурумга Комитеттин мүчөлөрү жана Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин эксперттери катышышты. Отурумдун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы аба каттамдарын жерден тейлөө чөйрөсүндөгү табигый монополияларды жөнгө салуулардын практикасы жана тажрыйбасы жөнүндө” доклады окулду, “Табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жөнгө салууну гармониялаштыруу маселелери” темасы боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий колдонуусу үчүн илимий-изилдөө иштеринин 1-этабынын жыйынтыктары каралды. Мындан тышкары, 2018-2020-жылдарда аба транспорту бөлүгүндө макулдашылган транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттары жана этаптарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын (“жол картасы”) орундоо максатында, “Аба транспортунун кызматтарынын жалпы рыногун түзүүдө туура жана ак ниет атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча макулдашылган мамилелер жөнүндө” Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын сунуштамасынын долбоору каралды. Отурумдун жыйынтыгы менен белгиленген багыттар боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды.