Мамлекеттик агенттиктин Статс-катчысы А.А. Мамыралиевдин Кыргызстандагы ТИКА кызматташтыктын координатору Али Муслу мырза менен жолугушу болуп өттү
27.12.2019ЕЭК жаңылыктары
29.05.20202020-жылдын 18-20-февраль күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарында “Банк жана камсыздандыруу секторлорунда атаандаштыкты укук колдонуу жана адвокатташтыруу” темасында семинар болуп өттү. Аталган семинарга мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү атаандаштыкты контролдоо жана коргоо башкармалыгынын башкы адиси Э.У. Абдыкадырова жана Ош жана Ош областы боюнча бөлүмдүн башкы адиси И.А.Сатинбаев катышты. Семинарды Венгер атаандаштык мекемесинин кызматкерлери өткөрүштү (OECD-GVH RCC). Семинарда атаандаштык ведомстволору эсепке алышы керек болгон банктык жана камсыздандыруу секторлорунун экономикалык өзгөчөлүктөрү, анын ичинде финансылык туруктуулук жана системалык кесепеттерди жалпы жөнгө салуу жана кам көрүү талкууланды, атаандаштыкка каршы макулдашуулардын мисалдары, банк жана камсыздандыруу секторундагы көмүскө бүтүмдөрдүн мүнөзү, ошондой эле финансы секторунда укук колдонуу жана адвокатташтыруу боюнча бир катар өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүлдү. Семинардын алкагында топтор боюнча иш жүргүзүлдү, анын жүрүшүндө көмүскө бүтүм жана биригүү боюнча гипотетикалык иш каралды. Биздин өлкөдө банктык жана камсыздандыруу секторлорунун рыногун жөнгө салуу тажрыйбасы азырынча жок, бирок монополияга каршы мыйзамдарды жана банктык жана камсыздандыруу секторлорунун рыногу жаатындагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүү биздин рыноктун реалийлеринде ушул семинарда көрсөтүлгөн башка өлкөлөрдүн практикалык тажрыйбаларын ылайыкташтырууда оң натыйжа берет. Ушул сыяктуу эксперттик деңгээлдеги эл аралык семинарлар, албетте финансы секторундагы атаандаштыкка каршы макулдашууларды же макулдашылган аракеттерди далилдөөдөгү мыкты тажрыйбаларды жана ыкмаларды алмашууга мүмкүнчүлүк берет.