2020-жылдын 18-20-февраль күндөрү Будапешт (Венгрия) шаарында “Банк жана камсыздандыруу секторлорунда атаандаштыкты укук колдонуу жана адвокатташтыруу” темасында семинар болуп өттү
05.03.2020Видеоконференция форматында КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузуулардын биргелешкен иликтөөлөрү боюнча Штабдын 37-отуруму болуп өттү
04.06.2020Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегиянын мүчөсү (Министр) С.М.Жумангариндин катышуусунда видеоконференция шарттамында жумушчу кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, мекеменин жооптуу бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттери катышышты.
Видеоконференцияда ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды, анын ичинде:
– трансчек аралык рыноктордогу ЕЭКтин демилгелик монополияга каршы териштирүүлөрү жөнүндө;
– Интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын жана (же) санариптик технологияларды пайдалануу менен укуктук мамилелер чөйрөсүндө атаандаштык маселелери боюнча баяндамаларды өткөрүү жана сунуштарды (сунуштамаларды) иштеп чыгуу боюнча пландалган иш жөнүндө);
– ЕАЭБде роумингде мобилдик байланыш кызматына адилеттүү тарифтерди киргизүү жөнүндө.
Ошондой эле жумушчу кеңешмеде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин монополияга каршы мекемелеринин жетекчилери монополияга каршы органдардын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери менен бөлүштү.
Ошентип Ш. Сабиров төмөндөгүлөрдү билдирди:
Кыргызстанда, Казакстан менен Беларусиядагыдай эле, калыптанган эпидемиологиялык жагдайга байланыштуу, калк үчүн социалдык мааниге ээ тамак-аш продуктуларынын экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азык-түлүк продуктыларынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен аныкталган. Алар: ун, нан, сүт, май, эт, кум шекер, макарон азыктары, жумуртка ж.б.
Аталган товарларга Мамлекеттик агенттиктин аймактык бөлүмдөрү тарабынан баалардын максималдуу деңгээлдери белгиленди.
Ошондой эле, Мамлекеттик агенттик тарабынан социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча ыкчам байланыш түзүлдү (жергиликтүү телефон номери, уюлдук номер жана whatsapp номери). Бул маалымат монополияга каршы органдын расмий сайтына жайгаштырылган. Белгиленген баалар азык-түлүк рыногундагы кырдаал өзгөргөн учурда кайрадан каралышы мүмкүн экендигин белгиледи. Монополияга каршы орган тарабынан белгиленген бааларды жогорулаткандыгы үчүн товарларды сатуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жоопкерчилик тартат. Бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү алкагында талаптардын сакталышын контролдоо максатында монополияга каршы органдын кызматкерлери Финансылык полициянын өкүлдөрү жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирдикте социалдык маанилүү товарлардын бааларын көзөмөлдөө боюнча рейддерди дайыма жүргүзүп турат.
Жүргүзүлгөн контролдук иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн бааларын мамлекеттик жөнгө салуу учурунда, белгиленген бааларды жогорулатуунун 371 учуру катталган, алар:
– бааларды негизсиз жогорулатууну жоюу жөнүндө – 311 жазма эскертүү берилген;
– ЭКККМКна 32 материал берилген;
– Бузуулар жөнүндөгү Кодекске ылайык – 28 айып салуу болгон.
Ошондой эле, өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин шарттарында, бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген тамак-аш азыктарынын бааларынын өлчөмүн негизсиз жогорулатуу үчүн бузуулар жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жазапулдардын өлчөмү көбөйтүлгөндүгү да белгиленген:
– жеке жактарга 1 000 сомдон 10 миң сомго чейин;
– юридикалык жактарга – 5 миң сомдон 28 миң сомго чейин. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 2019-жылдан тартып жашоого маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген дары препараттарына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча пилот киргизилген, пандемия шарттарында жана башка жагдайларда бүгүнкү күнгө карата ар кандай факторлорду эске алуу менен дары каражаттарына болгон баалар кайра каралат. Бул процесстеги монополияга каршы органдын ролу болуп баа түзүү жагдайында ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын контролдоо эсептелет.