ЕЭК жаңылыктары
29.05.20202020-жылдын 04-июнунда Мамлекеттик агенттиктин жыйын залында видеоконференция форматында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 51-жыйыны болуп өттү(МСАП)
05.06.20202020-жылдын 3-июнунда Мамлекеттик агенттиктин жыйын залында видеоконференция форматында КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузуулардын биргелешкен иликтөөлөрү боюнча Штабдын 37-отуруму болуп өттү. Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын, Беларусия Республикасынын, Казак Республикасынын, Армения Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын монополияга каршы ведомстволорунун, Евразиялык экономикалык комиссиясынын, МТС Санкт-Петербург биржасынын, Белорус универсалдык товардык биржасынын өкүлдөрү катышышты. Отурум учурунда төмөндөгү маселелер талкууланды: 1. Пандемия шарттарында КМШга мүчө-мамлекеттердин социалдык маанилүү керектөө товарларынын рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө. 2. COVID-19жаңы коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттердин экономикалары үчүн терс кесепеттерден арылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жөнүндө. 3. КМШГА катышуучу- мамлекеттерде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан жана ушул сыяктуу жагдайлардан улам келип чыккан күч жеткис экономикалык кырдаалдарда терс көрүнүштөрдү болтурбоону камсыз кылган монополияга каршы жөнгө салуу стратегиясы боюнча сунуштар жөнүндө. 4. КМШга катышкан мамлекеттердин медициналык жабдуу базарларын изилдөө боюнча Штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө. 5. Интернет-сооданы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү шартында товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн жаңы механизмдерине баяндама даярдоо боюнча Штабдын ишинин жүрүшү тууралуу. 6. Жүргүнчүлөрдү автомобилдик ташуулар рыногуна баяндаманы даярдоо боюнча Штабдын ишинин жүрүшү жөнүндө. 7. “Биржа соода ” темасында Баяндамага даярдык көрүү боюнча Штабдын ишинин жүрүшү тууралуу. 8. Жакынкы арадагы Штабдын ишинин актуалдуу багыттары жөнүндө.