2020-жылдын 04-июнунда Мамлекеттик агенттиктин жыйын залында видеоконференция форматында Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 51-жыйыны болуп өттү (МСАП). Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын, Беларусия Республикасынын, Казак Республикасынын, Армения Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын Монополияга каршы ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле, Евразиялык экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышышты. Жыйында Мамлекеттик агенттиктин директору Сабиров Шухрат Маматалиевич “КМШга катышкан мамлекеттерде монополияга каршы саясат жаатында болуп өткөн учурдагы кыйла көрүнүктүү окуялар жөнүндө” деген темада баяндама жасады. Мындан тышкары, жыйындын күн тартиби төмөнкү маселелерди камтыды:
1. Укук ээлеринин атаандаштыкка каршы практикаларынын натыйжасы катары БЭАС рынокторунда байкалган жагымсыз тенденциялар, алардын КМШнын рынокторуна таасир этүүсүнүн перспективалары.
2. КМШ мүчө – мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууну биргелешкен изилдөө боюнча Штабдын иши жөнүндө.
3.Пандемия шарттарында КМШга мүчө-мамлекеттердин социалдык маанилүү керектөө товарларынын рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө жана COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу КМШга мүчө-мамлекеттердин экономикалары үчүн терс кесепеттерден арылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жөнүндө.
4. “Медициналык буюмдардын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жөнүндө” доклады тууралуу.
5. Мамлекет башчыларынын Кеңешинин, Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана КМШнын Экономикалык кеңешинин кароосуна сунуштоо боюнча документтерди иштеп чыгуу жана мүмкүн болгон документтерди кароо жөнүндө.