2020-жылдын 18-июнунда Мамлекеттик агенттиктин жыйын залында видеоконференция форматында КМШга катышкан мамлекеттердин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча Консультативдик кеңештин, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо маселелери боюнча Консультативдик комитетинин биргелешкен отуру болуп өттү. Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын, Беларусия Республикасынын, Казак Республикасынын, Армения Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо функциясын аткарган мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер, ошондой эле, Евразиялык экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышышты. Жыйында Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Мамыралиев Айбек Абасканович катышып, Мамлекеттик агенттик тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында болуп өткөн учурдагы кыйла көрүнүктүү окуялар жөнүндө, ошондой эле, Коронавирус инфекциясынын жайылышынын шартында калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасында массалык оорулардын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн оперативдүү чаралар жөнүндө” деген темада баяндама жасады.
Жыйындын жүрүшүндө А.А. Мамыралиев тарабынан төмөнкү маселелер көтөрүлдү:
1.Электрондук коммерция жаатындагы көйгөйлөр. Коронавирусттук пандемия шарттарында, жана ошондой эле, чек араларда товарлардын кыймылына чек коюлуу шартында, интернет аркылуу сатып алынган товарлардын берим мөөнөттөрү бузулууга алып келди. Бул шарттар, биринчиден, өзүнүн керектөөчүлүк укуктарын коргоо үчүн жарандардын мамлекеттик органдарга кайрылууларынын негизин түздү. Себеби, товарлардын кечиктирилишине байланыштуу тапшырык кылынган товарлардын актуалдуулугу жоголду. Экинчиден, коронавирус пандемиясы менен болгон кырдаал социалдык маанилүү товарлардын, жана башка товарлардын тартыштыгын жаратты. Мамлекеттик органдар тарабынан статистика жүргүзүлбөгөндүгү менен, мындай шарттар, электрондук коммерция жаатындагы адистердин айтымында интернет аркылуу сатып алуулардын санын кыйла азайтты.
2.Коронавирус инфекциясынын жаңы толкунунун пайда болуу коркунучун жана ошондой эле, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин алдын алуу боюнча КМШга катышкан мамлекеттерден, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин тажрыйба алмашуу жана улуттук практикасы тууралуу маалымат алмашуу.
3.Консультативдик комитеттин жана Консультативдик кеңештин кийинки отурумунда эконом-класстагы авиабилеттердин кайтарылбай калуу маселерин кароо.