2020-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тайлаков К.Д. Евразиялык экономикалык комиссиянын Табигый монополиялар боюнча консультативдик кеңешинин 21-отурумуна катышты.
Отурумдун жүрүшүндө 2021-жылга карата иштин планы комитеттин мүчөлөрү тарабынан каралды жана жактырылды. Пландын долбоору табигый монополиялар чөйрөсүндөгү Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү чараларды жүзөгө ашыруунун ырааттуулугун аныктоо боюнча иш-чаралардын планынын (“Жол картасы”) пункттарын ишке ашыруунун белгиленген мөөнөттөрүн эске алып, 2020-жылдын 19-майындагы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин №4 тескемесин орундоо, ошондой эле табигый монополиялар боюнча консультативдик комитет жөнүндөгү жобо менен аныкталган Комитеттин милдеттерин ишке ашыруу максатында даярдалган.
Ошондой эле, Комитеттин мүчөлөрү тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан расмий пайдалануу үчүн “Табигый монополиялар чөйрөсүн жөнгө салууну шайкештөө маселелери” илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктоочу төртүнчү этабы жактырылды.
Коюлган милдеттерди төртүнчү этапта ишке ашырууга аткаруучу тарабынан табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жакындаштырылуучу, мыйзамдарды шайкештөөгө мүмкүндүк берген, табигый монополия субьектилеринин ишмердигин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин ишке ашырууну камсыз кылган ченемдик укуктук актыларга сунуштар даярдалды.