2020-жылдын 4-декабрында бүткүл дүйнөлүк атаандаштык күнүнө карата CUTS International “Саламаттыкты сактоого мүмкүндүк алуу жана атаандаштык саясаты” темасына он-лайн вебинар уюштурду. Вебинарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери катышты. Атаандаштык жаатындагы чет өлкөлүк эксперттер атаандаштык тууралуу мыйзамдарды колдонуу менен болжолдонуп жаткан атаандаштык саясатынын инструменттерин колдонуу менен саламаттык сактоого жетүүнүн механизмдерин талкуулашты.
Эксперттер тарабынан негизги жагдайлардын бири катары төмөндөгүлөр белгиленди:
– негизги дары-дармек каражаттарынын жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү;
– медициналык технологияларга бааларды төмөндөтүүнүн ар кандай методдору;
– бажы алымдары, салыктар жана үстөктү жөнгө салуу.
Ошондой эле, эл аралык соода – дары жана башка медициналык технологиялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүү шарты, өзгөчө, зарыл болгон ресурстар менен аз камсыз болгон чакан өлкөлөр белгиленди. Соода атаандаштыкты стимулдайт, бул болсо өз кезегинде бааларды төмөндөтүүгө алып келет жана туруктуулукту жана жеткирүүлөрдүн алдын ала белгилүүлүгүн жогорулатуу менен жеткирип берүүчүлөрдүн кеңирирээк чөйрөсүнөн продукцияларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Буга байланыштуу, тышкы соода саясатынын өзгөчөлүктөрү, мисалы, дары-дармектин бажы алымдарынын деңгээли, дарылоо компоненттери жана медициналык технологиялар түздөн-түз акыркы Медициналык продукцияларды өндүрүү боюнча ата мекендик кубаттуулуктарды түзүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууда эске алынышы керек болгон өтө маанилүү факторлордон пайдаланууга түздөн-түз таасир этүүдө. Саламаттык сактоону жөнгө салуунун алгылыктуу принциптерине негизделген басмырланбаган ички ченемдик базанын болушу дагы сапаттуу медициналык продукцияны туруктуу сунуштоону камсыздоонун дагы бир маанилүү шарттарынан болуп эсептелет.