Интеллектуалдык менчик боюнча Борбор Азия форуму онлайн режиминде өтөт
26.02.20212021-жылдын 25-мартында Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жана атаандаштык, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегиянын мүчөсү (Министр) А.А.Шаккалиевдин катышуусунда кеңешме болуп өттү
25.03.20212021-жылдын 21-22-сентябрында RCC OECD-GVH Венгриянын атаандаштык боюнча аймактык борбору менен эл аралык кызматташтыктын алкагында, монополияга каршы мекемелердин адистери үчүн “Санариптик рынокторго басым жасоо менен рыноктун үстөмдүк кылуучу катышуучулары тарабынан кыянаттыктарды баалоо” темасынын алкагында онлайн семинар болуп өттү. Эң мыкты эл аралык тажрыйбанын негизинде семинар рыноктун аныктамасынан тартып рыноктук бийликтен баштап кылдат жана маалыматтуу баалоого жетүү үчүн кадамдарды карады. Семинардын жүрүшүндө эксперттер жана катышуучулар атаандаштык демилгелери боюнча мыйзамсыз практиканы мыйзамдуу практикадан айырмалоо үчүн монополияга каршы мекемелер атаандаштыкка жана керектөөчүлөргө, айрыкча санариптик рынокторго тийгизген таасирин баалоодо колдоно ала турган ыкмаларды жана куралдарды талкуулашты. Жогоруда аталган семинарда Мамагенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышышты жана өнүккөн мамлекеттердин мисалында атаандаштык саясаттын ийгиликтүү укук колдонуучулук практикасы жаатында ой бөлүшүштү.