“Санариптик рынокторго басым жасоо менен рыноктун үстөмдүк кылуучу катышуучулары тарабынан кыянаттыктарды баалоо” темасынын алкагында онлайн семинар болуп өттү
10.03.2021КМШ мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды бирдиктүү аныктоо (тергөө) Штабынын (мындан ары –Штаб) 38-отуруму болуп өттү
23.04.2021Кеңешмеге Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тайлаков Кенешбай Доскулович катышты.
Кеңешменин күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
1. 2020-жылга карата иштин негизги жыйынтыктары жана 2021-жылга карата пландар жөнүндө.
2.Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү боюнча жүргүзүлгөн иштер туурасында (үчүнчү өлкөлөрдүн чарбакер субьектилеринин катышуусунда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу боюнча).
3.ЕЭКтин укук колдонуучулук практикасы жөнүндө (издөө экотутумдары тарабынан жарнама кызматтарын көрсөтүү рыногунда, ошондой эле видео кызматтарын көрсөтүү рыногунда, анын ичинде активдүү тергөө; Комиссиянын талабы боюнча маалыматты бербегендиги үчүн чараларды колдонуу практикасы; «МАЙЛ РУ» ЖЧКсы жана «Яндекс» ЖЧКсынын издөө тутумундагы жана санариптик контентти жайылтуу рынокторундагы компанияларынын аракеттерине байланыштуу арыздарды кароонун жүрүшү жөнүндө ж.б.).
4.Атаандаштыктын абалы жана жылдык отчеттун долбоору жөнүндө, 2020-жылга карата атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушун токтотуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.
5. Долбоору жөнүндө:
– санарип рынокторундагы атаандаштык (монополияга каршы) жөнгө салуу;
– интеллектуалдык менчикке болгон өзгөчө укуктарды пайдалануу менен мамилелерди монополияга каршы жөнгө салуу.
Тайлаков К.Д. тарабынан 2020-жылдагы иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө докладында атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу үчүн Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин жана Коллегиянын мүчөсүнүн (Министрдин) жолугушуусу сыяктуу масштабдуу иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
ЕАЭБ мамлекеттеринин монополияга каршы органдары тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык мааниге ээ товарларга бааны кармоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча тажрыйба алмашуу атаандаштык шартында социалдык маанилүү товарлардын базарларына таасир этүү механизмдерин иштеп чыгууга, мындан тышкары ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн негизги багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берилери белгиленди.