БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн он-лайн режиминде аймактык диалог болуп өттү
08.06.2021“Санариптик рынокторго басым жасоо менен рыноктун үстөмдүк кылуучу катышуучулары тарабынан кыянаттыктарды баалоо” темасынын алкагында онлайн семинар болуп өттү
23.09.20212021-жылдын 7-июнунда “Мамлекеттин экономикалык байгерчилигин жогорулатууда атаандаштык саясаттын ролу” темасында Казак Республикасынын атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттиги жана “Атаандаштык саясатты өнүктүрүү жана коргоо” АК тарабынан видеоконференцбайланыш шарттамында уюшулган, Казак Республикасынын монополияга каршы кызматынын 30 жылдыгына арналган тегерек стол (мындан ары – тегерек стол) болуп өттү. Тегерек столдо Евразиялык экономикалык комиссиянын, Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Казак Республикасынын эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү. Тегерек столдун отурумунун жүрүшүндө кийинки маселелерге өзгөчө көңүл бурулду: Казак Республикасын жалпы экономикалык өнүктүрүүдө атаандаштык саясаттын ролу, монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштыкты коргоо коомдук байгерчиликти жогорулатуунун фактору катары, монополияга каршы жөнгө салуу боюнча заманбап чакырыктар, Армения Республикасындагы монополияга каршы жөнгө салуу, Казак Республикасынын монополияга каршы саясаттын жана монополияга каршы органдын максаттары: тышкы тажрыйба жана көз караштар, атаандаштыкты коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуудагы Казакстан Республикасынын эксперттик коомчулугунун ролу Аталган тегерек столдо Кыргыз Республикасынан Мамлекеттик агенттиктин директору Тайлаков Кеңешбай Доскулович “Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуудагы акыркы тенденциялар” темасынын алкагында доклад менен чыгып сүйлөдү. К.Д.Тайлаков өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органы, о.э. экономикалык процесстерди интеграциялоо шартында ишенимдүү сакчысы катарында тургандыгын белгиледи. Ошондой эле, агенттиктин атынан тегерек столдо жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Н.А.Алыкулова, башкы адиси Г.К.Турдубаева жана атаандаш чөйрөлөрдү талдоо жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башкы адиси О.В.Горянова катышышты. Тегерек столдун аягында Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасы Жумангарин Серик Макашевич катышуучуларга кошкон салымы жана катышуусу үчүн ыраазычылык билдирип, монополияга каршы органдардын жетекчилерин жана эксперттерди куттуктап, атаандаштыкты өнүктүрүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы агенттигинин директору Тайлаков Кеңешбай Доскуловичти Казак Республикасынын «Монополияға қарсы қызметтің үздігі» (монополияга каршы кызматтын отличниги) төш белгиси менен сыйлады.