2021-жылдын 3-июнунда Евразиялык экономикалык комиссиянын көмөктөшүүсү жана техникалык колдоосу менен БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн он-лайн режиминде аймактык диалог болуп өттү. Регионалдык диалогдун негизги темасы “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатына COVID-19 пандемиянын таасири” болду. Иш чарага ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Аймактык диалогдун жүрүшүндө электрондук саламаттык сактоо тармагында кызмат көрсөтүү маселелери жана анны менен байланышкан жарандардын керектөө укуктарын камсыздоо (жеке турмушунун кол тийбестиги, жеке маалыматтарды, интеллектуалдык менчикти коргоо ж.б.) көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Андан тышкары, пандемияга карата шашылыш жана өз убагында жооптуу чараларын көрүүгө багытталган керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш алыпбарган органдардын жана уюмдардын ишине ар тараптан колдоо көрсөтүшкөн Эл аралык уюмдардын маанилүү ролу белгиленди. Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын атынан Жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык Башкармалыгынын начальниги – Алыкулов Назина Абдулазисовна баяндама жасады. Баяндаманын темасы: “Санариптештирүү шарттарында Кыргыз Республикасында керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу”, жана ошондой эле Жарнама, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, ак ниет эмес атаандаштык жана эл аралык кызматташтык Башкармалыгынын кызматкерлери Турдубаева Г.К., Муратова Д.Ш. жана Болтоев А.Б. катышышты.