“Атаандаштык жөнүндө мыйзамдын чегинде байгерчилик менен кирешенин теңсиздиги тынчсыздандырышы керекпи?” темасы боюнча Амстердам университетинин онлайн конференциясы болуп өттү
25.05.2021БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн он-лайн режиминде аймактык диалог болуп өттү
08.06.2021Жогоруда аталган видеоконференцияга Россия Федерациясынын, Беларус Республикасынын, Азербайжан Республикасынын жана Воронеж Мамлекеттик Университетинин монополияга каршы мекемелеринин өкүлдөрү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу маселелери, анын ичинде ак ниет эмес атаандаштыкты жоюу бөлүгүндө, ошондой эле жарнама жөнүндө мыйзамдын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ак ниет эмес атаандаштык боюнча юридикалык жана жеке жактарды сот жообуна тартуунун укуктук колдонуучулук практикасы жаатында кемчиликтер байкалган. Россия Федерациясынын Жарандык жана Административдик Кодекстеринде беренелердин кайталанышы. Ошону менен бирге, эксперттер монополияга каршы мыйзамдар менен интеллектуалдык менчикти коргоонун оң жана терс жактарын жана сот тарабынан жарандык доо тартибинде кароо практикасын, анын ичинде монополияга каршы мыйзамдарды бузуу ченемдерин жана кылмыш ишин козгоо практикасын талкуулашты.