2021-жылдын 20-майында Петербург эл аралык юридикалык форумдун алкагында Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы тарабынан уюшулган онлайн шарттамда сессия болду
21.05.20212021-жылдын 26-майында Россия Федерациясынын Федералдык монополияга каршы кызматынын Воронеж башкармалыгы жана Воронеж Мамлекеттик Университети тарабынан уюшулган атаандаштык саясат боюнча XI эл аралык илимий-практикалык видеоконференция болуп өттү
28.05.20212021-жылдын 20–21-майында “Атаандаштык жөнүндө мыйзамдын чегинде байгерчилик менен кирешенин теңсиздиги тынчсыздандырышы керекпи?” темасы боюнча Амстердам университетинин онлайн конференциясы болуп өттү. Конференциянын алкагында экономикалык теңсиздик менен атаандаштык жөнүндө мыйзамдын ортосундагы байланыштар тууралуу маселелер талкууланды. Аталган онлайн конференцияда Великобританиянын, Гарварддын, Нью-Йорктун, Гонконгдун, Кентукинин, Венанын жана башка университеттердин эксперттери, ошондой эле Грециянын, Нидерланддын, Эквадордун, Испаниянын, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мекемелеринин өкүлдөрү жана ЮНКТАДдын өкүлдөрү катышты. Онлайн-конференциянын жүрүшүндө эксперттер жана монополияга каршы мекеменин өкүлдөрү рыноктук бийликтин калктын байгерчилигинин теңсиздигине болгон таасири, керектөөчүлөр үчүн кошмо баалар, атаандаштык жөнүндө мыйзам жана кирешелердин теңсиздиги: панелдик маалыматтары менен эконометриялык мамиле, атаандаштык жөнүндө мыйзамдарда экономикалык теңсиздик жана жакырчылык жөнүндө натыйжалуулукка негизделген тынчсызданууларды кантип чагылдыруу керек: өнүгүп жаткан мамлекетке карата көз караш, атаандаштык менен теңсиздиктин ортосундагы өз ара катыш маселелерин чечүүнүн укуктук жана саясий варианттарын изилдөө: Түштүк Африканын мисалында, атаандаштык мыйзамындагы экономикалык теңсиздик жана укуктук колдонуучулук практика: мүмкүнчүлүктөр жана көйгөйлөр темаларына басым коюшту жана талкуулашты.