2022-жылдын 6-сентябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович жумушчу сапарынын алкагында Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода Министри Богданов Алексей Игоревич менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлдү. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында эки республиканын монополияга каршы ведомстволордун жетекчилери 2016-жылы кол коюлган атаандаштык саясаты, табигый монополиялардын субъекттеринин жана башка субъектилердин социалдык маанилүү товарларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Социалдык маанидеги товарларга бааны турукташтыруу маселелерине Беларусь Республикасында жана Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан ыкмаларга өзгөчө көңүл бурулду. Эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында эки өлкөнүн аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу зарыл экендиги белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында монополияга каршы жөнгө салуунун бардык маселелерин, анын ичинде табигый монополиялардын субъекттерин жана социалдык маанилүү товарларды, ошондой эле атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнү камтыган тиешелүү Иш-чаралар планын даярдоо чечими кабыл алынды.