2022-жылдын 7-сентябрында Минск шаарында Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин 30 жылдыгына арналган эл аралык конференциясы өттү, ага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович катышып, куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. Кызматтын төрагасы К.Д.Тайлаков Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрин жана министрлигинин кызматкерлерин юбилейлик датасы менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы өнүгүүнү жана Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын монополияга каршы органдарынын ортосундагы жемиштүү эки тараптуу кызматташууну каалады.