Бүгүн, 2022-жылдын 7-сентябрында, Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскуловичтин жумушчу сапарынын алкагында Оруссия Федералдык монополияга каршы кызматынын (Орусия ФМКК) башчысы Шаскольский Максим Алексеевич менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Монополияга каршы ведомстволордун жетекчилери эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде Федералдык монополияга каршы кызмат (Россия Федерациясы) менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана атаандаштык саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Жолугушунун алкагында жетекчилер тажрыйба алмашуу жана “Федералдык монополияга каршы кызматтын” Окуу-методикалык борборунда жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте федералдык монополияга каршы кызматтын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окууларды өткөрүү. Ошону менен бирге, эки өлкөнүн монополияга каршы ведомстволордун жетекчилери социалдык маанидеги товарларга бааны турукташтырууга жана бул жаатта өз ара аракеттенүүгө өзгөчө белгилеп кетишти.