2022-жылдын 7-сентябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) КМШга мүчө-мамлекеттердин Монополияга каршы саясаты боюнча мамлекеттер аралык кеңештин 53-отуруму жана КМШга мүчө мамлекеттердин Монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабынын 39-отуруму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (МСМАК) отурумуна катышты. МСМАК отурумунун жүрүшүндө К.Д.Тайлаков Кыргыз Республикасында монополияга каршы саясат чөйрөсүндө болуп өткөн маанилүү окуялар жана санариптик рыноктордо монополияга каршы жөнгө салуу маселелери боюнча маалымат берди. Кызматтыктын эксперттери Ли П.А. жана Кокошеров С.Ж. Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип иликтөө боюнча штабдын 39-отурумуна катышышты. Штабдын отурумунда Штабдын аткарган жумушунун жыйынтыктарын даярдоо боюнча: Интернет-сооданы жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү контекстинде товарларга, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн жаңы төлөм механизмдерин карап чыгуу, «Биржалык соода» доклады каралды. Ошону менен бирге адилетсиз атаандаштык жөнүндө отчетторду даярдоо боюнча иш-чаралардын түзүмү жана планы, ошондой эле азыркы шарттарда интеллектуалдык менчик объектилерине, дары-дармектерге, КМШга мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын иш-аракетине социалдык маанидеги товарлардын айрым рынокторунда монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу маселелери каралды.